Футбол. Кыргызстан-Палестина беттешинен түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат
ФИФА күндөрүнүн алкагында Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командалары эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюндарга сатылган билеттерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине колдоо көрсөтүүгө жумшалат.
Кыргыз футбол биримдигинен белгилешкендей, мындай кадам тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары жасалууда.
Оюндар 6-жана 9-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттештердин башталышы саат 20:30да. Ошондой эле күйөрмандар үчүн саат 18:30дан тарта стадиондун аймагында атайын шоу-программа уюштурулат.
Палестина курама командасына каршы беттеш Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдыгынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Белгилей кетсек, "Үч улуттун кубогу" эл аралык мелдешинин алкагында улуттук курама команда Кения курамасы менен да оюн өткөрмөк. Бирок Кениядагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу каршылаштар келе албай калышкан.
