Курулуш компаниялардын унаа токтотуучу жайларды долбоорго ылайык салганы катуу текшерилет
RU

Курулуш компаниялардын унаа токтотуучу жайларды долбоорго ылайык салганы катуу текшерилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көп кабаттуу турак үйлөрдөгү унаа токтотуучу жайлар боюнча талаптар күчөтүлдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компаниялардын жана долбоорлоочу уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, унаа токтотуучу жайлар жетишсиз экенин баса белгиледи.

"Унаа токтотуучу жайлар кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө камсыздалышы керек. Формалдуу чечимдерге жол берилбейт", - деди министр.

Буга чейин министрлик тарабынан түзүлгөн жумушчу комиссия текшерүү жүргүзүп, 28 курулуш объектисинин унаа токтотуучу жайларга байланыштуу долбоордук документтери кайра каралып, мурда берилген макулдашуулар жокко чыгарылды. Анткени ал объекттерде жалпысынан 3 519 унаа токтотуучу жай каралышы керек болсо, бүгүнкү күндө болгону 2 532 унаа токтотуучу жай бар экени такталган.

Ушуга байланыштуу объекттерди реалдуу унаа токтотуучу жайлар менен камсыз кылуу маселеси министрликтин өзгөчө көзөмөлүнө алынып, бул багыттагы мониторинг иштери улантылары белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17934