Бишкекте 24 жаштагы кыз терезден кулады
15
Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн терезесинен 24 жаштагы кыз кулап түштү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, 2-июнда саат 18:59да милициянын нөөмөт бөлүмүнө А.Токомбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинен белгисиз бирөө кулап түшкөнү кабарланган.
Кулап кеткен жаран 2002-жылы туулган М.А. экени аныкталды. Колдо болгон медициналык маалыматтарга ылайык, ал 2018-жылдан бери Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турган.
Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды дешти милициядан.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17935