Алмамбет Шыкмаматов Кесиптик бокс лигасынын ардактуу президенти болду
Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын ардактуу президенттигине Алмамбет Шыкмаматов дайындалды. Маалыматты Салык кызматы кабарлады.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ардактуу президенттин медалын Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов тапшырды.
"Бул статус мамлекетти курууга кошкон олуттуу салымы, укуктук системаны өнүктүрүүгө, мамлекеттик бийлик институттарын чыңдоого кошкон эмгеги, активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүгү, ошондой эле спортту, жаштарды өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого багытталган демилгелерди колдоосу үчүн ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, мындай чечим ушул жылдын 12-майында өткөн Кыргызстандагы Кесиптик бокс лигасынын коллегиясынын жыйынында кабыл алынган.