Өлкөдөгү айрым мектептерге шахмат ийрими киргизилет
RU

Өлкөдөгү айрым мектептерге шахмат ийрими киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 2026–2030-жылдарга өлкөдө шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты - шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандыруу болуп саналат.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт.

Андан тышкары, өлкө боюнча 500 мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 3–5-класстарынын окуучулары үчүн "Мектептердеги шахмат" долбоору пилоттук режимде киргизилет. Шахмат ийриминин натыйжалары 10 айдан кийин чыгарылат.

Кыргыз Шахмат Союзунун сунушу менен "Жылдын мыкты шахматчысы", "Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу" деген президенттин атайын сыйлыктары уюштурулуп турат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17946