"75чилердин каты" боюнча сотко Ибрагим Жунусов да келди
RU

"75чилердин каты" боюнча сотко Ибрагим Жунусов да келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин каты" деп аталган кылмыш иши боюнча күбөлөр сурак бере баштады.

Бүгүнкү, 4-июндагы соттук отурумга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, Эл артисти Ибрагим Жунусов келди. Ал сотко күбө катары келгенин, "75чилердин катына" кол койгонун ырастады.

Белгилесек, сотко күбө катары Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов да келген.

Иштин чоо-жайы: Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Камчыбек Ташиевге карата "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши козголгон. Ал бийликти күч менен басып алууну пландаган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул иш боюнча дагы жети адамга, анын ичинде Курманкул Зулушевге, Нурланбек Тургунбек уулуна, Бекболот Талгарбековго, Курсан Асановго, Курманбек Дыйканбаевге, Аалы Карашевге жана Эмил Узакбаевге да айып тагылган. Иштин материалдары жашыруун, сот отурумдары жабык өтүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17952