Шаардык сот мурдагы вице-мэр Жамалбек Ырсалиевди актады
12
Шаардык сот Бишкектин мурдагы вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди актады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкек шаардык сотунан ырасташты.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык сотунун 2026-жылдын 5-июнундагы өкүмү менен "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча айыпталган Ы. Ж. С. (Жамалбек Ырсалиев) күнөөсүз деп табылып, анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды.
Тема боюнча:
Белгилесек, 2025-жылдын июль айында Тунгуч кичи районундагы муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу Жамалбек Ырсалиевге карата кылмыш иши козголуп, кармалган. Мамлекетке 2 миллион 979 миң 889 сом зыян келтирилгени айтылган эле.
Кийинчерээк ал эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде убактылуу кармоочу жайдан бошотулган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17960
