Министр кызматынан кеткен Таалайбек Ибраев билдирүү жасады
Энергетика министри кызматынан кеткен Таалайбек Ибраев Facebook баракчасына билдирүү калтырып, ардактуу эс алууга чыкканын жазды.
"Кечээ мен үчүн өзгөчө күндөрдүн бири болду. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигиндеги көп жылдык эмгек жолумдун жыйынтыгын чыгарып, ардактуу эс алууга чыктым."
Экс-министр акыркы жылдары энергетика тармагында болуп көрбөгөндөй масштабдуу өзгөрүүлөр жана жаңылануулар жүзөгө ашырылганын белгиледи. Ондогон энергетикалык долбоорлор башталып, өнөктөштөр менен кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү дейт Ибраев.
"Өткөн жылдарда күнү-түнү дебей иштеп, ар бир күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшадык. Ар бир курулган объект, жаңыланган көмөк чордон, оңдолгон электр тармагы жана башталган долбоор өлкөбүздүн келечегине салынган инвестиция болуп эсептелет", - деп, кесиптештерине, энергетиктердин үй-бүлөсүнө жана бардык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди.
Ибраевдин айтымында, бүгүн энергетика тармагында күчтүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү команда калыптанган. Мындан улам башталган реформалар, ири долбоорлор жана стратегиялык демилгелер мындан ары да ийгиликтүү уланат деп ишенет.
Ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган жакшы демилгелерди ар дайым колдоого, көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана керектүү учурда көмөк көрсөтүүгө даярдыгын кошумчалады.
Белгилесек, 10-июнда Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан алынып, анын ордуна Алтынбек Рысбеков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

