Укук коргоочу Азиза Абдирасулова суракта экени белгилүү болду
RU

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова суракта экени белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова кармалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына Азиза Абдирасулованын кызы Гүлшайыр Абдирасулова ырастады.

Айтымында, Азиза Абдирасулова күйөөсү менен Майлуу-Сууда жүргөн. 15-июнда саат 9:00 чамасында милиция кызматкерлери барып, Абдирасулованы алып кетишкен.

"Алар апама кагаз көрсөтүп, эч кандай маалымат бербестен алып кетишиптир. Мен атамдан суу жана кан басымын түшүрүүчү дары алып барып берүүсүн сурандым, бирок атамды киргизбей жатыптыр", - деди Гүлшайыр Абдирасулова.

Редакция комментарий алуу үчүн Ички иштер министрлигине кайрылды. Мекемеден Азиза Абдирасулова Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук милиция бөлүмүндө экенин тастыкташты.

"Ал кылмыш иши боюнча күбө катары суракка алынууда", - дешти министрликтен. Бирок кайсы иш боюнча суралып жатканын тактаган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18026