Блогерлерди салыктан 5 жылга бошотуу боюнча сын-пикирлерге Шыкмаматов жооп берди
Садыр Жапаровдун жарлыгы менен IT-адистер, стартапчылар жана блогерлер үчүн салыктык каникул жарыяланган. Бирок бул коомчулукта нааразычылык жаратып, көпчүлүгү "блогерлер кайсы критерийдин негизинде салыктан бошотулду" деген суроолорду ортого салып жатышат.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салыктан бошотуунун айланасындагы талкуулардын баарын окуп жатканын белгилеп, жаратмандар эмне үчүн салыктан бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди.
"Негизинен дээрлик бир эле аргументти байкадым. Айрым белгилүү блогерлер: "Бизге мунун кереги жок. Биз ансыз деле салык төлөп жатабыз", – дешет. Алар туура эле айтып жатышат десек болот. Бирок бул бир конкреттүү блогердин көз карашы менен ушундай көрүнүшү мүмкүн.
Президент болсо кеңири карап жатат. Ал бүгүнкү блогерди эмес, 5 жылдан кийин өсүп чыга турган медиахолдингди көрүүдө. Ал бүгүн жалгыз иштеген программистти эмес, бир нече жылдан кийин өз продукциясын дүйнөгө саткан IT-компанияны көрүүдө. Бүгүнкү күндөгү контент жаратуучуну эмес, келечекте тасмаларды, сериалдарды, билим берүү долбоорлорун жаратып, көптөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылган студияны көрүүдө", - дейт Шыкмаматов.
Салык кызматынын төргасы президент бизнестин бүгүнкү көлөмүнө эмес, анын келечегине ставка коюп жатканын белгиледи. Ал жаратмандарды салыктан бошотуу – бул айрымдарга берилген белек эмес, бул кыргызстандык жаңы компаниялардын, жаңы жумуш орундарынын, жаңы орто катмардын жана жаңы экономиканын жаралышына жасалган инвестиция деп түшүндүрдү.
"Мамлекет жаратмандардын болушунча өсүп-өнүгүшүн каалайт. Анткени күчтүү экономика салыктан башталбайт. Ал жаңы нерсени жараткан, кечээ эле жок болгон өнүмдөрдү жана форматтарды ойлоп тапкан адамдардан башталат.
Көптөр бүгүнкү күнгө чейин блогерди жөн гана телефон кармаган адам катары көрүшөт.
Бирок бүгүнкү ийгиликтүү блогер – эртең журналисттери, операторлору, монтажерлору, продюсерлери жана маркетологдору бар толук кандуу медиа-компанияга айланышы мүмкүн. Демек, бул жумуш орундар, долбоорлор жана келечектеги салыктар дегенди билдирет", - дейт ал.
Салык кызматынын жетекчиси мурда IT-компанияларга карата да ушундай нааразычылык болгонун, бирок бүгүн алар бүтүндөй мамлекеттердин экономикасынын негизин түзүп жатканын кошумчалады.
"Дал ушул себептен мен президенттин чечимин өтө алысты көрө билген, стратегиялык чечим деп эсептейм. Анткени ал мамлекеттин мамилесин түп-тамырынан өзгөртүп жатат.
Жылдар бою биз: "Адегенде салык төлө, анан өнүк", деген принцип менен жашап келдик. Бүгүн президент адегенде өсүп-өнүк, бутуңа бекем тур, өнүм жарат, андан кийин гана ири салык төлөөчү бол деген башкача моделди сунуштап жатат", - деди төрага.
Шыкмаматов парламент бул демилгени колдойт деген үмүттө экенин айтты.


