Эми такси айдоочулары лицензияны онлайн ала алышат
RU

Эми такси айдоочулары лицензияны онлайн ала алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 2026-жылдын 1-июлунан тартып лицензиясы жок жүргүнчү ташыган таксисттерге айып салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет.

Лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Мындан улам лицензия алуу процессин тездетүү максатында башкармалык санариптик системаны ишке киргизди. Эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды "МБанк", "Элдик", "Түндүк" мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн тапшыра алышат.

Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп, керектүү документтерди жүктөө жетиштүү. Лицензия берилгенден кийин анын маалыматтары мобилдик тиркемеде санариптик форматта жеткиликтүү болот.

ЖКККББнын Транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев Kaktus.media сайтына таксиге коюлган талаптар тууралуу да айтып берди.

Ага ылайык, унаанын сыртында трапеция формасындагы "Такси" идентификациялык белгиси болушу керек. Анын бекитилген өлчөмү 40х30 сантиметр.

Унаанын ичинде такси айдоочусунун аты-жөнү, телефон номери, мамлекеттик каттоо номери, айдоочулук күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн белги жана сүрөт болушу шарт. Эгерде айдоочу компаниянын маалыматтык системасын колдонсо, бул маалымат системанын өзүндө көрсөтүлүшү керек.

Башкармалыктын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, республикада жүргүнчүлөрдү ташуу менен 35 000ге жакын адам алектенет. 15-июнга карата лицензия алуу үчүн 17 000 арыз келип түшкөн, алардын ичинен 16 238ине уруксат берилген, анын 437си юридикалык жактар. Учурда болжол менен 600 арыз каралууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18033