Көмүрдүн сапатын жасалмалаган деген шек менен лабораториянын директору кармалды
УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын директору кармалды.
Комитеттин маалыматында Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирилген көмүрдүн сапаты боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жасалмаланып, алардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүн олуттуу жогорулатуу схемасын уюштуруу фактылары боюнча текшерүү жүргөнү айтылат.
"Лабораториянын директору М.К.З. жыл сайын жылытуу мезгилине даярдык көрүү алкагында ЖЭБге көмүр жеткирүүчү жеке компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп, алардын ишмердүүлүгүн колдоо фактылары аныкталган. Анын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жылуулук электр борборунун техникалык жабдууларына олуттуу зыян келтирилип, Бишкек шаарынын экологиялык абалына терс таасир тийген", - дешет комитеттен.
Натыйжада лабораториянын директору кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: AFP / RONNY HARTMANN.
