Коомдук транспортто кыздын этегин видеого тартмакчы болгон киши кармалды
RU

Коомдук транспортто кыздын этегин видеого тартмакчы болгон киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга маршруттук таксилердин биринде бараткан жигит кыздын көйнөгүнүн астына уюлдук телефондун камерасын багыттап, жашыруун түрдө видео тартты делген видео тараган.

Бишкектин Свердлов РИИБи тарабынан аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада 1993-жылы туулган Э.П. аттуу жаран аныкталып, райондук башкармалыкка жеткирилген.

32 жаштагы жаранга 126-беренеге ("Майда бейбаштык") ылайык протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди дешти мекемеден.

Бишкек шаардык милициясы жарандардан коомдук тартиптин нормаларын сактоону, башкаларга сый-урмат менен мамиле кылып, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү аракеттерге барбоону эскертет. Эгерде ушундай фактыларга күбө болгондор болсо "102" номери аркылуу ички иштер органдарына кабар берсе болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18049