Өлкөдө балдарга кош фамилия ыйгарууга уруксат берүү демилгеленди
Кыргызстанда балдарга атасынын жана апасынын фамилияларын дефис менен бириктирип, кош фамилия берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору 17-июнда коомдук талкууга коюлган.
Документке ылайык, ата-энелер балага фамилияларын каалаган тартипте дефис менен айкалыштырып, кош фамилия берүүгө укуктуу болот. Бирок балага үч фамилия ыйгарууга болбойт. Мыйзам долбоорунун авторлору бул чектөө келечек муундарда өтө татаал фамилиялардын пайда болушуна жол бербөө үчүн зарыл деп түшүндүрүшөт.
Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарында балага кош фамилия ыйгаруу мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Демилгечилердин айтымында, бүгүнкү күндө балага эки жактын тең фамилиясын ыйгарууну каалаган үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө.
Кошумча документте конкреттүү учур мисал катары келтирилген. Анда Елена Хан жана Титовдордун үй-бүлөсү балдарына Титов-Хан кош фамилиясын ыйгарууга көмөктөшүү өтүнүчү менен депутат Дастан Бекешевге кайрылышкан. Бирок учурдагы мыйзамда кош фамилия ыйгарууга тыюу салгандыктан, баш тартылган. Эгерде бул долбоор кабыл алынса бала Титов-Хан же Хан-Титов деп каттала алат.
Белгилесек, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Болотбек Борбиев, Дастан Бекешев, Сейидбек Атамбаев жана Ырысбек Атажанов демилгелеген.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
