Жогорку Кеңеште Эльвира Сурабалдиеваны мамлекеттик күзөт менен камсыздоо сунушталды
Жогорку Кеңеште депутат Эльвира Сурабалдиеваны мамлекеттик күзөт менен камсыз кылуу сунушталды. Мындай демилгени эл өкүлү Дастанбек Жумабеков жыйында көтөрдү.
Айтымында, жакында эле Эльвира Сурабалдиеванын "75чилердин каты" боюнча сотто көрсөтмө бергенине баары күбө болгон.
"Кесиптешибиздин статусу кандай болгонун билбейм. Бирок сотто ага кысым көрсөтүлгөндөй болду. Сүйлөйүн десе деле, жооп берейин десе деле кысым болуп жатты. Ошондуктан кесиптешибиз каршы болбосо мамлекеттик күзөт менен камсыздаш керек. Биз кесиптеш катары алдын ала ушул жагын карап койбосок болбойт. Кудай сактасын, жаман нерселерди ойлонбойлу. Бирок сот процессиндеги кысым, басымды туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан алып койсок", - деди Дастанбек Жумабеков.
Ал спикерди бул маселени президент менен талкуулоого чакырды.
