"75чилердин каты". Эльвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берди
RU

"75чилердин каты". Эльвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75чилердин иши" деп аталган кылмыш иши боюнча ачык сот отуруму өтүп жатат.

Айыпталуучулар арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмилбек Узакбаев бар.

Сотто Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева күбө катары көрсөтмө берди.

"Мен Жогорку Кеңештин депутаттарынын ички иликтөөсүн изилдеп чыктым. Анын негизинде саясатчы катары өз тыянактарымды чыгардым", - деди Сурабалдиева.

Ошол маалда Ташиев депутаттан факты талап кылып, өз көзүң менен көргөн нерсе факты деди. Ал Жыргалбек Сурабалдиевдин өлтүрүлүшүн өз көзү менен көргөнүн, биринчилерден болуп жардам берүүгө аракет кылганын айтты.

Сурабалдиева бул билдирүүнү манипуляция жана ага психологиялык басым деп баалады.

"Атамдын өлүмүнүн буга кандай тиешеси бар? Алгач эжем болгон, сиз эмес. Мага киши өлтүрүүнү эскертип, кысым көрсөтүп жатасыз. Мени коркутуп жатасызбы? Мени убагында көп жолу каматкыңыз келген, эми булбу?", - деп ачууланды Сурабалдиева.

Ташиев өз кезегинде аны эч качан түрмөгө камабай турганын айтты.

Бул учурда судья Медеров Ташиевге эскертүү кылды.

Белгилесек, буга чейин жабык өтүп жаткан соттук жараяндар 11-июнда ачык өтө турган болгон.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (10 статей)
"75чилердин каты" боюнча ачык отурумда видео тартууга уруксат берилди
15 Июнь 2026, 14:09
"75чилердин каты" боюнча ачык соттун жүрүшү (видео)
15 Июнь 2026, 11:40
Сотко келген Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолорун жоопсуз калтырды. Видео
15 Июнь 2026, 10:31
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18031