"Бетке чаап, түкүргөн". Көлдө бейбаштыкка шектелип чет элдик жаран кармалды
Ысык-Көл районунда бейбаштыкка шектелген чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Ысык-Көл РИИБине 15-июнда 1998-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Э.М. арыз менен кайрылган. Ал орой мамиле жасап, бетке чаап, түкүргөн чет элдик жаранга чара көрүүнү суранган.
Аталган маалымат электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээси Ысык-Көл районундагы курулуш компанияларынын биринде котормочу болуп иштери аныкталган.
Башкармалыктын билдирүүсүндө 15-июнда саат 19:13 чамасында Э.М. сейилдеп жүргөн учурда ага чет элдик жаран жакын келип, бетке чаап, түкүргөн деп айтылат.
Жабырлануучуга келтирилген жаракаттардын даражасын аныктоо жана окуяга укуктук баа берүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ал эми 17-июнда экспертизанын корутундусунун негизинде 280-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1980-жылы туулган чет элдик жаран Л.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
