Кыргызстан АКШ менен Ирандын келишимге келгенин кубаттады
RU

Кыргызстан АКШ менен Ирандын келишимге келгенин кубаттады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишимине жетишүүнү кубаттайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анда макулдашууга катышкан тараптарга, анын ичинде ШКУга мүчө мамлекет Пакистанга бул натыйжага жетишүүгө салым кошкон токтоолугу үчүн ыраазычылык айтылат.

"БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларына негизделген пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы келишимге расмий кол коюу аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга салым кошот деп үмүттөнөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга эки башка жактан кол коюшкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18057