Бишкектеги медреседе 37 адам салатка ууланды
Бишкекте медреседеги балдар жапырт ууланды. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтына Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен ырасташты.
Маалым болгондой, Арча-Бешик конушундагы медресеседе балдар кечки тамакка майонез кошулган салат жешкен. Кийин аларда уулануунун белгилери байкалып, эртеси ооруканага кайрыла башташкан.
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата жалпы 37 адам кайрылып, алардын 10у ооруканада дарыланууда. Бирөө реанимацияга жаткырылган, учурда абалы туруктуу. Калгандары медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Департаменттен кошумчалашкандай, аталган медресеге 3 протокол түзүлүп, жалпы 41 миң сом айып салынды. Мекеме жабылды.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
