Манас шаарында 5 адам жасалма доллар менен кармалды
RU

Манас шаарында 5 адам жасалма доллар менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манас шаарында жасалма акчаларды жүгүртүүгө чыгарган топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден маалымдашты.

Тергөөнүн маалыматына караганда, А.Д., М.А., Ж.Б., А.Э. жана К.А. аттуу жарандар чет өлкөлүк валюталарды даярдоо, сактоо, сатууга шектелген. Алардан жалпы 5100 доллар алынып, экспертиза жасалма акча экенин аныктаган.

Аталган факты боюнча шектүүлөр кармалып, тиешелүү бөгөт чаралары тандалган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18069