Ушул аптада Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо жана куруу иштери башталат
RU

Ушул аптада Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо жана куруу иштери башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул аптада Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо жана курулуш иштери башталат. Буга байланыштуу мэрия шаар тургундарынан каттамдарды пландаштырууда оңдоо иштерин эске алууну өтүнөт.

Төмөнкү тилкелерде транспорт кыймылына чектөө кирет:

  • 23-июндан тарта Фучик көчөсүнөн тартып "Манас" эл аралык аэропортуна чейинки тилкеде оңдоо иштери башталат. Реконструкция иштери этап менен айрым бөлүктөргө бөлүнүп жүргүзүлөт. Иштер жүрүп жаткан учурда жол толугу менен жабылбайт. Оңдолуп жаткан тилкеде көчөнүн бир тарабы гана убактылуу жабылып, унаа кыймылы жолдун экинчи тарабы аркылуу эки багытта уюштурулат.
  • 24-июнунан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу иштери жүргүзүлгөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18071