Түптө дүкөндүн алдында досуна бычак кезеген киши кармалды
Ысык-Көл облусунун Түп районунда 35 жаштагы киши бычак менен башка адамды коркуткан. Облустук милициядан бычак кармаган киши мас абалда болгонун кабарлады.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мас абалдагы жаран башка кишинин мойнуна бычак такап жаткандыгын көрүшкөн. Ыкчам аракеттердин натыйжасында ага зыян келтирилбей, кармалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаран Түп районунун 1991-жылы туулган А.М. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал эми мойнуна бычак такалган киши анын досу экени белгилүү болгон.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында экинчи тарап арыз жазуудан баш тарткан. Укук бузган жаранга 126-берененин (Майда бейбаштык) негизинде чара көрүү үчүн тиешелүү материалдар топтолууда дешет милициядан.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
