Президент Баткендеги селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды
RU

Президент Баткендеги селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Баткен облусунун бир катар аймактарында катталган селдин кесепеттерин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Айтымында, Садыр Жапаров Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар.

"Өлкө башчы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды берди. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери президенттин жеке көзөмөлүндө турат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилесек, 19-22-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен облус аймагында сел жүрүп, электр жарыгы, таза суу үзгүлтүккө учураган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18082