Көлдө концерттеги жык-жыйма элдин арасынан 30дан ашык бала адашып кеткен
113
Каракол шаарында концерт учурунда 33 бала адашып кеткен. Алардын баары аман-эсен табылып ата-энелерине өткөрүлгөнүн облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 23-июнда Каракол шаарынын борбордук аянтында концерттик иш-чара өткөн. Анда жашы жете элек 33 бала адашып калган.
Коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адашып калган балдардын баары табылып, ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Ысык-Көл облусунун милициясы жарандарды массалык иш-чараларга барууда жаш балдарды көзөмөлдөн чыгарбоого жана алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18090
