Аламүдүндө каналга агып кеткен аялдын сөөгү башка айылдан табылды
124
Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылында каналга агып кеткен аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкариалыгынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 1995-жылы туулган Н.Н. аттуу аялдын сөөгү 24-июнда Кун-Туу айылынан өткөн каналдан табылган. Маркумдун сөөгүн жергиликтүү тургун байкап калган. Куткаруучулар жансыз денени суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Эске салсак, Н.Н. 20-июнда Кашка-Суу айылындагы тез агуучу каналга түшүп, ошондон бери изделип жаткан.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18094
