Көчөдө баратып аялга кол көтөргөн кишини аныктоо иштери жүрүүдө
RU

Көчөдө баратып аялга кол көтөргөн кишини аныктоо иштери жүрүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балта шаарында көчөдө бараткан киши жанындагы аялга кол көтөргөн. Окуя камерага түшүп калган.

Интернетке тараган видеодон белгисиз киши аялды башка чаап, тепкенин көрүүгө болот. Көчөдөн өтүп бара жаткандар ортого түшүп, арача кылышкан.

Учурда милиция кызматкерлери видеодогу жарандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18099