Унаасы менен Чоң Чүй каналына түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылды
11
Сокулуктагы Чоң Чүй каналына унаасы менен түшүп кеткен айдоочунун сөөгү 5 күндөн кийин табылды. Бул туурасында ӨКМдин Чүй облусундагы башкармалыгынан билдиришти.
Издөө иштеринин жүрүшүндө 1985-жылы туулган К.М. аттуу кишинин жансыз денеси 25-июнда Чоң Чүй каналынан табылды. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.
Эске салсак, 21-июнда Кожомкул айылындагы Чоң Чүй каналына Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаа суудан чыгарылып, ичинен айдоочуга таандык документтер табылган. Чүй ОИИББи текшерүү жүргүзүп, автоунаа жол четиндеги тосмону сүзүп, каналга түшүп, айдоочусу агып кеткен деп билдирген.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18101
