Депутат: Бообек Ажикеев министр болуп турганда премиум унааларды өзү колдонуптур
Депутат Кубанычбек Самаков прокуратурадан Бообек Ажикеевдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген мезгилдеги ишмердүүлүгүн текшерүүнү суранды. Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында депутат мурдагы министрдин дарегине карата көптөгөн арыздар түшкөнүн айтты.
"Ал кызматта отурганда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бөлүнгөн жабдууларды, премиум класстагы унааларды өзү, үй-бүлөсү колдонуптур. Аларды өзүнүн гаражына токтотуп, бирин аялы айдап жүргөн, экинчисин кызына берген. Ал экскаваторду күйөө баласына ижарага берген. Мындай учурлар көп болгон экен.
Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өнүктүрүү үчүн көптөгөн насыяларды жана гранттарды алабыз, бирок мурдагы министр премиум класстагы унааларды өзү колдонуп, аларды гаражына киргизип алган экен. Анын кызмат абалынан аша чаап пайдаланганын текшерүү боюнча прокуратурага протоколдук тапшырма берүүнү суранам. Эгерде далилдер болсо, ал жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди депутат.
Эске салсак, Бообек Ажыкеев ушул жылдын февраль айында Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулган.
