Дарыяга аккан 6 жашар баланын жансыз денеси 2-3 чакырым алыстыктан табылды
13
Чүй районундагы Кегети капчыгайында дарыяга аккан 6 жашар баланын жансыз денеси табылды. Маалыматты Чүй ОИИББден билдиришип, издөө иштери аяктаганын кабарлашты.
Белгилүү болгондой, дайынсыз болуп жаткан 6 жашар баланын жансыз денеси бүгүн, 26-июнда табылды. ӨКМдан билдиришкендей, баланын сөөгү кырсык болгон жерден болжол менен 2–3 чакырым алыстыкта издөө иштерине көмөктөшүп жүргөн жарандар тарабынан табылган.
Эске салсак, 23-июнда Чүй районундагы Кегети капчыгайында "Фольксваген Пассат" үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен. Окуянын кесепетинен автоунаанын ичинде болгон 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала суунун агымына агып кеткен. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын жансыз денеси ошол эле күнү табылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18112
