Талас суусуна агып кеткен өспүрүмдү издөөдө суучул каза болду. Видео
21
Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштеринин жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулу кызматтык милдетин аткарып жатып каза болду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым өкүлү билдирди.
Белгилесек, бүгүн, 27-июнда Талас облусунун 82 жылдыгы белгиленмек. Бирок кырсыкка байланыштуу Талас облусунун аймагында өткөрүлүшү пландалган бардык майрамдык, маданий жана массалык иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Облус башчысы Эрмат Жумаев элге кайрылып, издөө иштерине аралашпоого жана сууга түшпөөгө чакырды.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18118
