Баткендеги катуу шамалдын чыгымы болжолдуу 16 млн сомду түздү
Баткен облсунун айрым аймактарында катталган катуу шамалдын кесепетинен келтирилген чыгымдар алдын ала эсептелди. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, келтирилген зыяндын жалпы көлөмү болжол менен 16 миллион сомду түздү.
Белгилесек, Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында 27-июнда ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар пайда болгон.
Баткен облусунун Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйынында тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, кырсыктан жабыркаган эки жаранга зарыл болгон бардык медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү, жабыркагандардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү, социалдык объектилерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү, камсыздандыруу иштерин тездетүү милдеттендирилди.
