Мамлекеттик тууну буюм катары пайдалануу фактысы текшерилүүдө
RU

Мамлекеттик тууну буюм катары пайдалануу фактысы текшерилүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга өлкө желегин жип катары колдонгон сүрөт тарады. Ал Ала-Арча капчыгайынын жогору жагындагы кароосуз калган лыжа базасында тартылганы айтылган.

Чүй ОИИББден мамлекеттик символиканы буюм катары пайдалануу фактысы боюнча текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Учурда Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатканы маалым болду.

Милиция мамлекеттик тууну, мамлекеттик гербди же мамлекеттик гимнди мазактоо мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келерин эскертип, жарандарды мамлекеттик символдорго сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18132