Өлкөдө суткалык электр энергиясын колдонуу рекорддук деңгээлге жетти
RU

Өлкөдө суткалык электр энергиясын колдонуу рекорддук деңгээлге жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге чыкты. Бул туурасында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому маалымдады.

Белгилүү болгондой, 29-июнда суткалык электр энергиясын керектөө 47 миллион 112 миң кВт.с деңгээлине жетти.

"Бул тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Былтыркы жылдын 29-июнунда бул көрсөткүч 40 миллион кВт.сааттын тегерегинде болгон", - деп айтылат маалыматта.

Керектөөнүн өсүшүнө негизги себептери көп кабаттуу үйлөрдүн (МИК), социалдык объектилердин, өнөр-жай объекттеринин курулуп, пайдаланууга берилиши менен байланыштуу дешет ишканадан.

Ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы кабарланды.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы жалпы жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18135