5-июлга чейин аба ырайы жаанчыл болуп, тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
12
Өлкөдө 1-июлдан 5-июлга чейин аба ырайы туруксуздашат. ӨКМдан күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертет.
Жаанчыл аба ырайына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Министрлик жарандарды алыскы жолго чыгуудан, агыны шар суулардан, дарыя жээктеринде жүрүүдөн карманууга чакырат.
Тема боюнча:
Белгилесек, буга чейин жаанчыл аба ырайында өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүп, адам өлүмү катталган учурлар болгон.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18137
