Кыргызстанда жеке менчик онлайн-мектептерге уруксат берүү сунушталууда
Кыргызстанда негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуткан жеке менчик онлайн-мектептерди лицензиялоо мүмкүнчүлүгү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоорго ылайык, жеке менчик онлайн-мектептер лицензиянын негизинде гана иштейт. Мындай мектептерге 7–12-класстын окуучулары кабыл алынат (12 жылдык билим берүү системасына өтүүнү эске алуу менен). Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өздүгүн аныктоо жана онлайн-прокторинг системасы аркылуу аралыктан тапшырышат. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандарга мамлекеттик үлгүдөгү билим тууралуу документ берилет.
Белгиленгендей, өлкөдө 2025-жылдан бери пилоттук режимде мамлекеттик "Тунгуч" онлайн-мектеби иштеп келет. Учурда анда 2,5 миңден ашык окуучу билим алууда. Алардын арасында дүйнөнүн 15тен ашык өлкөсүндө жашаган Кыргызстандын жарандарынын балдары да бар. Бирок бул мектеп 3 миң орун менен чектелген жана башка мамлекеттик онлайн-мектептерди ачуу пландалган эмес.
Жеке менчик онлайн-мектептердин ачылышы билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүп, ата-энелерге салттуу күндүзгү окууну же акы төлөнүүчү онлайн-окууну тандоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Онлайн-мектептер кандай талаптар менен иштейт?
Расмий иштөө үчүн онлайн-мектептер негизги жана жалпы орто билим берүү программалары боюнча лицензия алышы керек.
Онлайн-окутууда диний билим берүү, диний тарбия берүү же диний жана атеисттик үгүт жүргүзүүгө жол берилбейт.
Лицензияны мектептик жана баштапкы кесиптик билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет. Лицензия мөөнөтсүз болуп, Кыргызстандын бардык аймагында жарактуу болот.
Лицензия алуу үчүн эмне талап кылынат?
Мектеп уставын, имаратка же жайга болгон укукту тастыктаган документтерди (менчик, ижара же башка мыйзамдуу негиз), ошондой эле санитардык жана өрт коопсуздугу талаптарына шайкештиги тууралуу корутундуларды тапшырышы керек.
Мындан тышкары, окуу планы, окуу-методикалык жана кадрдык база тууралуу маалымат берилүүгө тийиш.
Онлайн-мектепте административдик иштерди жүргүзүү жана окутууну техникалык жактан камсыз кылуу үчүн жайлар болушу зарыл. Ижара мөөнөтү кеминде 2 жылды түзүп, аянты 150 чарчы метрден кем болбошу керек. Ошондой эле сабактарды жаздыруу, онлайн-сабактарды өткөрүү жана кызматтык иштер үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралышы шарт.
Мектеп бардык окуучуларды тейлей алган сервердик инфраструктурага ээ болушу керек. Платформа окуу учурунда кеминде 99,5% жеткиликтүүлүк менен туруктуу иштеши зарыл.
Онлайн окутуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого тийиш:
- сабактардын 30% түз эфирде, 70% жазылган видео жана тапшырмалар түрүндө өтүшү;
- окуу материалдарына сутка бою жеткиликтүүлүк;
- ата-энелер көрө алган электрондук күндөлүк;
- мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн билдирүү алмашуу системасы;
- маалыматтарды сактоо жана резервдик көчүрмөлөрдү түзүү;
- программаларды орнотпостон кадимки браузер аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгү;
- текшерүү иштеринде окуучунун өздүгүн аныктоо жана онлайн-прокторинг;
- окуучунун жетишкендиктерин жана санариптик окуу таржымалын жүргүзүү;
- маалыматтарды мамлекеттик билим берүү системаларына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү.
Онлайн-мектепте квалификациялуу мугалимдер иштеши керек. Ошондой эле онлайн-окутууну долбоорлоо боюнча адис жана тьюторлор (насаатчы мугалим) болушу милдеттүү. Бир тьюторго 100дөн ашык окуучу бекитилбеши керек. Мугалимдердин кеминде 60%ы мектептин негизги кызматкерлери болушу шарт.
Онлайн-мектеп ишмердүүлүгүнүн алгачкы жылында 500дөн ашык окуучуну кабыл ала албайт.

