"Манас" аэропорту ишин жандантты
RU

"Манас" аэропорту ишин жандантты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропорту бүгүн, 8-июлда штаттык режимде иштеп баштады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.

Эске салсак, 7-июлда саат 16:10 чамасында Бишкектен Ошко учуп багыт алган TezJet`тин учагынын негизги сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада учак сол тарапка кыйшайып, канаты учуп-конуу тилкесинин үстүнкү бетине тийип, токтогон.

Бортто 181 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү бараткант Баары аман-эсен эвакуацияланган. Ал эми аба майдан убактылуу жабылган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18200