Мамлекеттик катчы кыргыз тилинин жазуу эрежесин өзгөртүүнү колдоого алды
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өзгөртүү боюнча сунушту колдой турганын айтты. Анын видеосу соцтармакка жарыяланды.
Мамлекеттик катчынын айтымында, жазуу эрежелери жөнөкөйлөштүрүлүп сунушталган. Андыктан ал жаңы усулдардын көпчүлүгүнө макул.
"Маселен, биздин алфавит. Биринчиден биз алфавитти иретке келтиришибиз керек. Алфавит иретке келгенде гана жазуу эрежелери тактала түшөт, дааналанат. Бул эске алуучу маселе. Мен аны колдойм. Андан сырткары, жаңы эрежелер сунуш кылынып жатат, көпчүлүгүн колдойм. Мисалы, Э тамгасын алалы. Чындыгында кыргыз тилинде бир фонеманы эки тамга менен берип жиберебиз. Бул адамдын башын айлантып жатат. Тил маселеси күндөн-күнгө күчөп бара жатпайбы. Бул өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн, илимий негизге келтирилген эрежелер деп эсептейм", - деген пикирин айткан.
Белгилесек, окумуштуулар сунуштаган долбоорго ылайык, 36 тамгадан турган кыргыз алфавити сакталып, бирок, жергиликтүү кыргыз сөздөрүн жазууда 28 тамганы (а, б, в, г, д, е, ж, з, и, й, к, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ч, ш, ы.) колдонуу каралган. Ошондой эле демилгечилер алфавиттеги "Э" жана "Е" тамгалары бир фонеманы билдиргендиктен, кыргыз тилиндеги сөздөрдү "Е" тамгасы менен гана жазууну сунушташкан. Мисалы: егемен (эгемен), елек (электен), емгек (эмгек), ене (эне), ерте (эрте).
