Каракол капчыгайында сел суулары жолду жаап калды
RU

Каракол капчыгайында сел суулары жолду жаап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда нөшөрлүү жаандан кийин Каракол капчыгайындагы лыжа базага барчу жолдо сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя тууралуу маалымат бүгүн, 8-июлда саат 13:30 чамасында түшкөн. Жаан-чачындын кесепетинен капчыгайлардан аккан жамгыр суулары жолдун бир бөлүгүн жаап калган.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авариялык тобу жана жол кызматынын техникалары иштеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18208