Автобуска коляска менен түшкөн ата-энелерди жол акыдан бошотуу каралууда
20
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен кеңешме өткөрдү. Мэр коомдук транспортко коляска менен түшкөн ата-энелерди жол акыдан бошоткон долбоорду иштеп чыгууну тапшырды.
"Колдонуудагы жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин бул демилгени ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгып, аны бир айлык пилоттук режимде ишке киргизгиле. Бул аралыкта калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пилоттук долбоордун жыйынтыктарын талдап чыгып, андан соң Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү чечимдердин долбоорун даярдагыла", - деп тапшырма берди калаа башчысы.Бишкек шаардык транспорт ишканасынын директору Талантбек Капаров шаар боюнча коляска менен автобуска түшкөндөрдүн саны күнүнө 200гө жакын (айына болжол менен 6000) экенин белгиледи.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18211