Таласта дрон менен суу короткон тургундарды аныктап жатышат
RU

Таласта дрон менен суу короткон тургундарды аныктап жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарында ичүүчү сууну огород жана бак-дарактарды сугарууга колдонгон тургундар дрондун жардамы менен аныкталды. Аларга мыйзамга ылайык протоколдор түзүлдү.

"Таза суу" муниципалдык ишканасы ичүүчү сууну максатсыз пайдаланууну алдын алуу үчүн рейддерди улантып жатканын билдирди. Эреже бузгандарга административдик чаралар көрүлүүдө.

Мекеме шаар тургундарын ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырып, суу эсептегичи бар абоненттер огородду түнкү саат 22:00дөн кийин гана сугара аларын эскертти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18233