Дарбыз, коондун калдыктары таштандыга айланган
12
Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясы "Сары-Өзөн" жана "Ак-Сай" базарларынын аймагында текшерүү жүргүздү.
Рейд учурунда уруксат кагаздары жок соода кылган жана таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштаган жарандар аныкталды. Айрыкча дарбыз, коон калдыктары жана башка таштандылар айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизгени белгиленди.
Мыйзам бузган жарандарга карата административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18234