Садыр Жапаров Катар эмиринин атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты
RU

Садыр Жапаров Катар эмиринин атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге атасы, мурдагы Эмир шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Мамлекет башчысы маркум шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин Катарды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Садыр Жапаров Катар элине жана эмирдин үй-бүлөсүнө кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18235