Садыр Жапаров кызынын балдарга белек таратканы боюнча түшүндүрмө берди
Президент Садыр Жапаров соцтармактарда кызы Жанайымдын "Алтын балалык" борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосу боюнча "Кабар" агенттигине түшүндүрмө берди.
Өлкө башчы кызынын эл алдына чыгышын пиар эмес деп белгилеп, балдарын саясатка аралаштырбай турганын айтты.
"Буга чейин айтканымдай эле балдарымды да, жакындарымды да саясатка жана мамлекеттик иштерге аралаштырбайм. Эгер андай аракеттер болсо, эбак эле билинет эле да", - деген президент.
Садыр Жапаров "Алтын балалыкка" жыл сайын өлкөнүн булуң-бурчунан балдар келип эс алып, бири-бири менен достошуп, дем алып кетишерин, жыл сайын Айгүл Жапарова "балдардын көңүлүн көтөрүү үчүн" белек-бечкектерди тапшырып келерин кошумчалады.
"Бул жолу да бармак. Бирок, кудалар чакырып калып Айгүл экөөбүз ал жакка кеткенбиз. Анан "Атайын жекшембиге пландалган иш-чара, балдар күтүп калышты. Томсоруп калышпасын, сен барып тапшырып коё берчи" деп кызыбызды жөнөтүп коюптур.
Жанайым балдар үчүн белекке делген шорта, футболкаларды таратышып коюп эле кете берген.
Жалпыга маалымдоо каражаттары болгон эмес. Маалыматты эч жакка чыгарбай эле белектерди таратып коёлу дешкен. Ал жакка келгендердин арасынан бирөөсү телефонго тартып, анан соцтармакка чыгарып жибериптир. Муну саясат кылыштын деле кереги жок", - деген мамлекет башчы.
Белгилесек, буга чейин президенттин кызы биринчи жолу өз алдынча эл алдына чыгып, "Алтын балалык" комплексиндеги балдарга белек таратты деген видео тараган.
