Чымчыктарды тор менен кармаган чет элдик киши айыпка жыгылды
182
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда чет элдик жаран канаттууларды тор менен кармап жатканы боюнча видео интернетке тараган. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында чет элдик жаран аныкталып, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгында чет элдик жарандын аракеттерине укуктук баа берилет.Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан мыйзам бузган чет элдик жаранга 20 000 сом айып салынды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18249
