Ноокен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
RU

Ноокен районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 13-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары 466 үйдүн короосун, мал сарайларды жана соода жайларын каптап, материалдык чыгымдарды жараткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу, авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин натыйжалуу уюштуруу максатында Ноокен районунун аймагына III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда кырсык болгон аймактарда Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18252