Министрлик ЖРТ сертификатындагы ката окууга тапшырууда таасир этпей турганын маалымдады
Социалдык тармактарда жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттарындагы ката боюнча нааразычылыктар пайда болду. Айрым абитуриенттер сертификатта 2026-жылдын ордуна 2025-жыл деп көрсөтүлгөнүн, мындан улам университеттер документтерди кабыл алуудан баш тартып жатканын билдиришкен.
Ал арада Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ЖРТ сертификаттарынын айрымдарында ката кеткенин ырастады.
"Аталган техникалык ката сертификаттарды даярдоо баскычында ББОУББ (Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору) тарабынан кетирилген жана жалаң техникалык мүнөзгө ээ.
Ал жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына, абитуриенттин топтогон упайына, сертификаттын аныктыгына, конкурска катышуусуна, жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына онлайн кабыл алынышына эч кандай таасирин тийгизбейт", - дешет министрликтен.
Абитуриенттердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле окууга кабыл алуу процессинде тоскоолдуктарды болтурбоо максатында министрлик техникалык ката камтылган ЖРТ сертификаттарынын түп нускаларын кабыл алууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Буга байланыштуу жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын бардыгына тиешелүү түшүндүрмөлөр жөнөтүлдү. Кабыл алуу комиссиялары мындай сертификаттарды эч кандай чектөөсүз кабыл алууга милдеттүү экени кабарланды.
Кабыл алуу өнөктүгү аяктагандан кийин билим берүү уюмдары техникалык катасы бар сертификаттардын түп нускаларын алардын аныктыгын кайра текшерүү жана туура жыл көрсөтүлгөн жаңы сертификаттарга акысыз алмаштыруу үчүн ББОУББга өз алдынча өткөрүп беришет.