Жайлоодо чагылган тийген өспүрүм аман калды
RU

Жайлоодо чагылган тийген өспүрүм аман калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда 16 жаштагы балага чагылган тийип, бактыга жараша ал аман калды. Маалыматты президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облустук клиникалык оорукананын маалыматы боюнча, чагылгандан баланын денесинин 18 пайызы күйгөн. Анын абалы канааттандырарлык жана травматология бөлүмүндө толук дарыланууда.

Окуя 13-июлда Ноокен районундагы жайлоодо болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18264