Бишкектин мэри "Олд Бишкек" соода жайларын жабууну тапшырды
RU

Бишкектин мэри "Олд Бишкек" соода жайларын жабууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, соода түйүндөрү иштеп жаткан жер алдындагы өтмөктүн аймагын мөөр басып жабууну тапшырды.

Маалым болгондой, жер алдындагы өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.

Мэриядан билдиришкендей, Айбек Жунушалиев шаардык инфраструктураны модернизациялоо жана жаңылоо шарты менен бул долбоордун ишке ашырылышын колдогон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизнес өз милдеттенмелерин бир тараптуу гана аткарып жатканын белгилешти.

"Свердлов райондук администрациясы ижарачыларга 1-июлда эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча 122ге жакын эскертүү берген, бирок талаптар аткарылган эмес", - дешет мэриядан.

Жыйындын алкагында инвестор өз милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект расмий түрдө эксплуатацияга берилмейинче, бардык коммерциялык түйүндөрдү жабуу, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Киргизилген чектөөлөр соода жайларына гана тиешелүү. Жер алдындагы өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн мурдагыдай эле ачык болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18266