Манас шаарында университеттин проректору кармалды. Видео
RU

Манас шаарында университеттин проректору кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манас шаарында университеттин проректору студенттерден мыйзамсыз акча чогулткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.

Комитеттен айрым мугалимдер жана университеттин проректору студенттерден ар кандай шылтоолор менен системалуу түрдө акча жыйнаганын айтат.

"Каражаттар жакшы баа коюу, тест тапшыруу, экзамендерге кирүү жана башка окуу процессине байланыштуу маселелерди чечүү үчүн талап кылынган", - дешти комитеттен.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн алкагында университеттин проректору Э.Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18268