Тажикстандан Кыргызстанга өткөн үйлөр кимдерге бөлүштүрүлөрү айтылды
RU

Тажикстандан Кыргызстанга өткөн үйлөр кимдерге бөлүштүрүлөрү айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек араны тактоонун алкагында алмашылган айылдардагы турак жайларды бөлүштүрүү мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Белгиленгендей, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында айрым аймактарды алмашуу боюнча макулдашуу жетишилген. Ага ылайык, эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктөрдү инвентаризациялоо иштерин аяктаган.

Натыйжада, Баткен облусундагы 259 турак үйгө, ал эми Тажикстан Республикасынын Согди облусундагы 214 турак үйгө тиешелүү актылар түзүлгөн.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, турак жайы Тажикстандын аймагына өткөн жарандар үчүн мамлекет тарабынан Баткен районундагы Жаңы-Достук айылында жана Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарында жалпысынан 257 турак үй курулуп, ээлерине тапшырылган.

"Ал эми Тажикстандан Кыргызстандын аймагына өткөн үйлөрдү Мамлекеттик мүлк фондунун эсебине өткөрүү боюнча мамлекет тарабынан чечим чыккан. Ал турак жайларды 2021–2022-жылдардагы чек ара окуяларында турак жайынан жабыркаган жарандардын экинчи үйү катары бөлүп берүү макулдашылган. Бул боюнча Министрлер кабинети тиешелүү чечими кабыл алат жана комиссия тарабынан мыйзамдын негизинде бөлүштүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми калган турак жайларды пайдалануу менен Лейлек районунун Кайрагач участкасындагы жарандардын маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат дешет өкүлчүлүктөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18270